Сагынычым жалбырактай дилдиреп,
Күтүп жатсам карааныңа сабылып.
Куса толгон көздөрүмө үңүлбөй,
Сурайсың да жүрдүңбү деп сагынып.
Билип туруп болгонсуйсуң билмексен,
Турмуш дайым толуп турбайт, кеми көп.
Жүрөгүмө катып жүрсөм өзүңдү,
Сурайсың да «Сүйөсүңбү мени?» деп.
Жолуң тосуп жакшы ойлорду жаратып,
Мен өзүңдөн бактым болор эми деп.
Убайымга салып учкул дүйнөмдү,
Сурайсың да «Эстейсиңби мени?» деп.
Айпери Кулбаева — Сурайсың да тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 30