Ой, бото көз, бозой сени сагынган,
Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан.
Башың ийкеп бал сөзүңдү таттырбай,
Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан.
Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө,
Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө.
Карабадың арт жагыңа кылчайып,
Кантем алдамчынын сөзүнө.
Көргөн сайын короосунан үйүңдүн,
Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн.
Барган сайын жалын сымал жылтылдап,
Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
Айар — Бото көз тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 128