Кыялда кымбатым бар аздектеген,
Кышы жай кучагынан жаз кетпеген,
Бар болсоң жер бетинде сен чындап эле,
Бактыма жолугамын албетте мен.
Өмүрдө жарык болуп таралгыдай,
Көңүлдө алтын күндөй жаралдың ай,
Булутка жашынбастан көрүнчү бир,
Бул дүйнө сүйүүсү жок караңгыдай.
Кайырма:
Сүйүүм бол жазды алып келген,
Шыбырап жашыл бариктерден,
Күнүм бол мага жарык берген,
Жалынга толсун жүрөк,
Жанар тоо болсун жүрөк жанып сенден.
Кыздарга кыйын экен уяң болгон,
Кымбатын арбай албай убал болгон,
Кыйналбай айткым келет сүйөмүн деп,
Кыялым калбас үчүн кыял бойдон.
Кайырма:
Күтүп сени жатам
Эми качан
Деги качан кезигем…
Аида Кулуева — Кыялда тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 55