Сурмаларын клип
Сулуулук сага гана тагылгандай
Сымбатың кымбат сенин каухардай
Тартынып сөз айтуудан тайманамын
Сүрүң бар түшүп кетчү чагылгандай
Сурмаларың көзүңдө сурмаларың
Куйкалады жүрөктү куйкалады
Кыйнап жүрөт аябай кыйнап жүрөт
Сезимимди айттырбай туйбаганың
Чырайың жипке тизген маржан экен
Чынында сага жетүү арман экен
Жүрөгүң ээси болуу мага буйруп
Бактыма сен жазылып калсаң экен
Оба аябай жакты