Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең?..
Кайырма:
Асыл энем, таалайым — сенсиң энем,
Жыргалым — сен, бакытым — сен,
Сүйүктүү менин энем.
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.
Кайырма:
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүңдүн карегиндей көп аяган,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма:
Керим Турапов — Эне жөнүндө баллада тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 1484
Кайырмасын алмаштырып салышыптыр
Болот Минжылкыевдики болсо керек
Созу кимдики?
Созу кимдики? Обонк Аксуубай Атабековдуку аны билебиз